Университетти таанытуу


21-февраль күнү И.Арабаев атындагы КМУнун алдындагы Теологиялык колледжинен келген окуучуларга  университетти таанытуу иши жүргүзүлдү. Жалпы 30 студентке  кеңири маалымат берилди.

Алгач окуу  жайды таанытуу тасмасы  көрсөтүлүп, суроолорго жооп беришти. Андан соң кампустагы имараттарды, китепканаларды, жатакананы көрсөтүштү.

Студенттер Теология факультетинен келгендиктен биздеги Теология факультетине да киргизип, факультет тууралуу кеңири  маалыматтар, кандай сабактар өтүлөрү айтылды. Колледждин студенттерине университетибиздин  тазалыгы ,шарттары, билим берүү системасын жактырганын айтышты.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы