«Манас» университетинде “Монголия күнү”


1-март күнү К.Тыныстанов жыйындар залында КТМУнун Эл аралык студенттер координаторлугу тарабынан жүргүзүлгөн “Өлкө таанытуу күндөрү” долбоорунун алкагында Монголия мамлекетинин Кыргызстандагы Башкы консулдугу менен биргеликте “Монголия күнү” уюштурулду.

Иш-чарага КТМУнун ректору, проректорлор, Монголия Республикасынын Кыргызстандагы консулу, мугалимдер жамааты  жана студенттер катышты. Ачылыш сөзүндө  ректор проф.,док. Себахаттин Балжы: «Монголиядан келген студенттер  таланты, билим алууга болгон умтулуусу менен айырмаланып, университетибиздин алдыга карай өсүшүнө салым кошуп келе жатышат”,- деп билдирди.

Ага утурлай, Монголия мамлекетинин Кыргызстандагы консулу Сандаг Энхбат бул иш-чараны демилгелеген университет жетекчилигине ыраазычылык билдирип: “Бул өңдүү иш-чаралар студенттердин  ынтымакта жашоосуна өбөлгө түзөт. Биз мындан ары да ар тараптуу кызматташууга даярбыз”,-деген пикирин айтып өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Монголия өлкөсүнүн улуттук баалуулуктарынын жана тамактарынын көргөзмөсү коюлуп, монголиялык студенттер улуттук музыкалык аспаптарында ойноп, ыр аткарышып, улуттук бийлерин бийлеп, жалпы келген конокторго жагымдуу маанай тартуулашты.

Белгилей кетсек, Эл аралык студенттер координаторлугу 2015-жылдын февраль айында ректорлук тарабынан түзүлгөн. Максаты-университетибизде билим алып жаткан чет элдик студенттердин илимий, социалдык, спорттук, маданий жана билим багытындагы иш-чараларга активдүү катышуусуна көмөк көрсөтүү, боордош өлкөлөрдүн маданиятын жана өз маданиятыбызды таанытуу болуп эсептелет.

Даярдаган: Акымбаев Алтынбек