Университет студенттердин келечегине багыт берет


Үстүбүздөгү жылдын 26-февралында АКБ “Кыргызстан” банкынын адистери Экономика факультетинин студенттери үчүн алгачкы лекциясын баштады. Бул иш-чара АКБ “Кыргызстан” жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин арасында түзүлгөн атайын келишимдин негизинде Экономика жана башкаруу факультети жана Студенттик иштер башкармалыгынын Студенттер жана Бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалы тарабынан уюштурулган.

Жалпысынан 8 сабак пландалып, финансы жана кредит, менеджмент, экономика бөлүмдөрүнүн 2-3-курстарынын 50гө жакын студенти катышып жатат. Алгачкы сабак АКБ “Кыргызстан” банкынын Тобокелчиликтерди башкаруу кызматынын башчысы Алишерова Рахат Сыябековна тарабынан “Банк сферасындагы тобокелчиликтер” деген темада окулду.

Бардык лекцияларда банк иштеринин негизги маселелери орун алган. Сабактын убактысы 24-апрелге чейин уланышы пландалууда.

Даярдаган: Мелис кызы Луиза