Карьера күнү-2019 Табигый илимдер факультетинде


14-март күнү Табигый илимдер факультетинин карьера күнү болуп өттү.

Иш-чаранын ачылышы Касым Тыныстанов жыйындар залында өтүп, ага  университеттин ректору, проректору, табигый илимдер факультетинин окутуучулары, карьера күнүнө чакырылган мекемелер жана студенттер катышты. Ачылыш сөзүн сүйлөгөн табигый илимдер факультетинин деканы проф.,док. Али Осман Солак, колдонмо математика жана информатика, математика жана биология бөлүмдөрү боюнча жалпы маалымат берип, студенттерге жана мекемелерге ийгилик каалап өттү.

Ал эми ректор проф.,док. Себахаттин Балжы жана проректор проф.,док. Анварбек Мокеев да студенттердин ар тараптан шыктуу, билимдүү экендигин баса белгилеп, бардыгын өтүп жаткан карьера күну менен куттукташты.

Андан сон иш-чарага катышкан мекемелер өздөрүнүн ишмердүүлүктөрү менен тааныштырып, айрымдары презентацияларды жасашты. Аны менен бирге “Манастын кыздары” бийчилер тобу өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Белгилей кетсек, бул иш-чара студенттердин келечекте жумуш табуусуна көмөк көрсөтүү максатында ар бир факультет үчүн уюштурулуп келет.

Даярдаган:Мелис кызы Луиза