Өзгөчө өнөр көргөзмөсү


24-26-октябрь күндөрү кытай тили жана адабияты бөлүмү менен англис тили жана адабияты бөлүмү биргеликте уюштурган университетибиздин студенти, сүрөтчү Адамата Алишеровдун “Жианжи” көргөзмөсү болду. 

Үч күнгө созулган көргөзмөдө студенттер кытай элинин салттуу кагаз кыркуу өнөрү менен кенен таанышышты. 

Айта кетсек, “Жианжи” өнөрүнүн тарыхы XӀ кылымга туура келет. Кытай элинин эң байыркы жана жөнөкөй элдин турмушун кагаз аркылуу чагылдырган өзгөчө өнөр катары таанымал. Учурда жоголуп бара жаткан искусство түрлөрүнө кирет.

Кабарчы: Асел Шамилова