Дене тарбия жана спорт жогорку мектеби менен Кесиптик жогорку мектебинин студенттери ректор менен жолугушту


14-март  күнү университеттин ректору  проф., док. Себахаттин Балжы Дене тарбия жана спорт жогорку мектеби менен Кесиптик жогорку мектебинин студенттери жана жалпы окутуучулук жамааты  менен  маектешүү кечесин өткөрдү.

Маектешүү кечеси алгач окуу жайдын таанытуу тасмасы жана көчмөндөр оюнунда тартылган кыска фильмди көрсөтүү менен башталды.

Ректор жолугушууда 2017-2018-окуу жылындагы  жогорку мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн ишке орношуусу тууралуу маалымат берди. Ошондой эле  Ректор студенттерге пайдалуу кеңештерин айтып, “Адам ар дайым эмгеги менен баалуу,  андыктан  мүмкүнчүлүк барда мээнет кылып, келечегиңер үчүн  мыкты шарттарды түзүп алгыла”,- деген оюн билдирди.

Ал эми проректор проф.,док. Анварбек Мокеев: « Бардык нерсе эң кичинекей  кадамдан башталат, андыктан эч коркпостон алдыга гана кадам таштоо керек »,-деген кеңешин берди.

Эскерте кетсек, буга чейин мындай жолугушуу кечеси Инженердик жана Табигый илимдер факультетинде болуп өткөн.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы