Келечектеги туризм тармагы


27-март күнү К.Тыныстанов жыйындар залында Студенттик кеңеш башкармалыгына караштуу “Инсандык өнүгүү” клубу тарабынан семинар өткөрүлдү. Семинардын спикери “Kyrgyz Concept” туристтик компаниясынын негиздөөчүсү, туризм тармагындагы адис Эмил Үметалиев болду.

Эмил Үметалиев өзүнүн бул убакытка дейре топтогон жашоодогу жана ишкерлик тармагындагы мол тажрыйбасы менен бөлүштү.

“Убакыт өткөн сайын технологиянын тез жаңылануусу, маалыматтын бат таратылышы туризм тармагына да өз таасирин тийгизип жатат. Андыктан азыркы таптагы жаштардан талап кылынып жаткан “soft” жөндөмдөрүн калыптандырып, өнүгүп-өрчүтүү жана изденүү керек”,-деди Үмөталиев. Буга кошумча студенттерге, билим алууга өзгөчө көңүл бургула деген кеңешин айтып өттү.

Иш-чаранын соңунда, студенттердин кызыккан суроолоруна жооп берип, семинар өтүп бергендиги үчүн ага ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

Даярдаган: Акымбаев Алтынбек