Мультфильмдер дүйнөсүнө саякат


 5-апрель күнү Касым Тыныстанов жыйындар залында “Ойлоншоу” интеллектуалдык клубунун 10-сезонунун 7-оюну болуп өттү. Оюн “Мультфильмдер” темасында өткөрүлдү.

Иш-чара Нурбек Асылбековдун ыр аткаруусу менен башталып, андан соң оюнга орун берилди. Оюн жалпы 3 тур менен өткөрүлүп, дүйнөгө белгилүү мультфильмдер жана андагы баш каармандарга байланыштуу суроолор берилди.

Оюндун жыйынтыгы боюнча, 1-орунду “Кыялкечтер” тайпасы жеңип алды.  Ал эми 2-орунду “Эрудит”, 3-орунду “Ойчулдар” командасы ээледи. Бул ирет оюн өзгөчөлөнүп, 4-орунга илинген “Илим” тайпасына дагы белектер тапшырылды.

Мындан сырткары, “Мыкты оюнчу” номинациясы аныкталып, ага Дастан Кенжешов менен Аскарбеков Бекболду татыктуу деп табылды. Баардык жеңүүчүлөргө “Goal Training” чет тилдер курсуна сертификаттар  жана сыйлоо баракчалары тапшырылды.

Даярдаган: Акымбаев Алтынбек