“Алгачкы жардам-кийинки кадам”семинары


11-апрель күнү университетибиздин Табигый так илимдер факультетинде “ Алгачкы жардам-кийинки кадам”аталышындагы семинар өткөрүлдү. Семинарды КРнын Өзгөчө кырдаалдар министринин кызматкери Дамира Жумагулова өттү.



Ал семинардын жүрүшүндө студенттерге алгачкы жардам боюнча өтүлүп келген теориялык  билимди, практика жүзүндө колдонуунун ыкмаларын көрсөтүп берди.

“Жабыркаган адамдын пульсун,дем алуусун текшерип алуу керек. Эгерде текшерүүчү аппараттар жок болуп калса, жасалма дем алдыруу жасоо керек. Ар бирибиз  дарыгерге келгенге  чейинки биринчи жардам көрсөтүүнү билишибиз зарыл”,-деген оюн билдирди Дамира Жумагулова.

Белгилей кетсек, иш-чара Студенттик Кеңеш башкармалыгынын алдында түзүлгөн “Biolife”клубу тарабынан уюштурулган.

Даярдаган: Нурзат Казыбекова