Кезектеги маектешүү кечеси


11-апрель күнү Ректорлук имаратынын жыйындар залында университетибиздин ректору проф., докт. Себахаттин Балжы жана проректору, проф., докт. Анварбек Мокеев менен биргеликте маектешүү кечеси болуп өттү. Бул ирет Коммуникация жана Теология факультеттеринин мугалимдер жамааты менен студенттери катышты.

Алгач университет ректору проф., докт. Себахаттин Балжы  аталган эки факультеттин бүтүрүүчүлөрүнүн ишке орношуусу боюнча түзүлгөн статистикалык маалыматтарды айтып берди.

“Университетибиздин ишмердүүлүгүнө аз гана жыл болгондугуна карабастан, бүтүрүүчүлөрүбүздүн ишке орношуусу жогорку көрсөткүчтөргө жетишип жаткандыгы кубандырат. Бул университеттин туура жана сапаттуу билим берип жаткандыгынын таасын белгиси”,-деди ректор.

Ал эми проректор проф.,докт.Анварбек Мокеев өз сөзүндө: “ Студент, биринчи кезекте, изденүүгө, жаңы билимдерди үйрөнүүгө ынтызар болушу керек. Сиздер эмгекчил жана өжөр болсоңуздар баардык тоскоолдуктарды жеңип өтөсүздөр”,-деп келген студенттерге дем-күч берип өттү.

Белгилей кетсек, маектешүү кечелери жетекчилик тарабынан университетибиздин студенттери менен жакындан таанышуу, аларга мотивация берүү максатында уюштурулуп келет.

Даярдаган: Акымбаев Алтынбек