Карьера күндөрү Гуманитардык факультетте өттү


“Карьера күндөрү 2019” долбоорунун алкагында 12-апрель күнү университетибиздин Гуманитардык факультетинин студенттери үчүн Карьера күнү уюштурулду. Ага окуу жайыбыздын проректору проф.,докт. Анварбек Мокеев, Гуманитардык факультетинин деканы проф.,докт. Лайли Үкүбаева, Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун мүдүрү профессор Абдылдажан Акматалиев, жалпы ага окутуучулук жамаат жана студенттер катышышты.

Ал эми иш-чарага атайын чакыруу менен 20га жакын ишкана, мекемелер келди.  Алардын айрымдары “British Study Centres Kyrgyzstan” тил  академиясы, “Hyatt Recency” отели, ОсОО “Air Fresh” ж.б. мекемелери болду.

Гуманитардык факультеттин деканы проф.,докт. Лайли Үкүбаева факультет жана бүтүрүүчүлөрү боюнча кенен маалымат берди. Ал эми проректор проф.,докт. Анварбек Мокеев: “Окуу жайыбыз коомдун талабына ылайык заманбап адистерди даярдоого аракет кылып келет. Аракетибизден жыйынтык чыгып жатканын чет өлкөдө, эл аралык мекемелерде иштеп жаткан бүтүрүүчүлөрүбүздү мисалга алсак болот”,-деген оюн айтты.

Ошондой эле “British Study Centres Kyrgyzstan” тил академиясынын жетекчиси Илгиз Камбаров өз сөзүндө, университеттин студенттерге түзүп берген мүмкүнчүлүктөрү өтө жогору экенин белгилеп өттү.

Андан соң мекемелер өзүлөрүнүн ишмердүүлүгүн тааныштырып, презентацияларды жасашты.

Даярдаган: Нурзат Казыбекова