КАРЬЕРА КҮНҮ-2019 АЙЫЛ-ЧАРБА ФАКУЛЬТЕТИНДЕ


11-апрель күнү Айыл-чарба факультетинде окуган студенттер үчүн карьера күнү болуп өттү. Ага ректор, проректор, Айыл-чарба факультетинин деканы, окутуучулук жамааты, карьера күнүнө чакырылган 16 мекеме жана студенттер катышышты.

Иш-чаранын ачылышында эки өлкөнүн мамлекеттик гимни ырдалып, университетибиздин таанытуу тасмасы көрсөтүлдү. Андан соң Айыл-чарба факультетинин деканы, проф.,доктор Мустафа Паксой бардыгын карьера күнү менен куттуктап, аталган факультеттин студенттери жана бүтүрүүчүлөрү тууралуу кыскача маалымат берип өттү.

Ал эми университетибиздин ректору, проф.,доктор Себахаттин Балжы “Биздин негизги максатыбыз студенттерибиз окуу жайды бүтүргөн соң иш жери менен камсыз болуусуна шарт түзүп берүү.”,-деди.

Ошондой эле КРнын айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигине караштуу өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаментинин директору Дербишалиев Жаныбек уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирип, төмөнкүлөргө токтолду: “Манас университетинин билим берүү деңгээли абдан жогору. Ошондой эле акыркы технологиядагы жабдыктар менен практикалык сабактар айкалыштырылып өтүлөт. Биздин өлкөгө ошондой билимдүү, технологияны жакшы билген, ишине жоопкерчиликтүү адистер керек. Азыркы учурда Кыргызстан силерге муктаж болуп турган учуру”.

Андан соң Айыл-чарба факультетинин бүтүрүүчүсү, “Догал Агро” ишканасынын мүдүрү Бактыгүл Аскералиева “ Университет иш жолундагы алгачкы пайдубалды гана түзүп берет. Калганы студенттин өзүнөн көз каранды. Биздин университетте өзүн-өзү өнүктүрүү, сапаттуу билим алуу боюнча эң мыкты шарттар түзүлгөн. Ошолорду туура пайдаланып, алгачкы пайдубалыңарды бекемдеп алышыңар керек”,- деген кеңештери менен бөлүшүп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө келген мекемелер ишмердүүлүгү менен тааныштырып,тажрыйба бөлүшүштү. Ошондой эле келген конокторго ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Даярдаган: Мелис кызы Луиза