Ветеринария факультетинде карьера күнү болуп өттү


“Карьера күндөрү 2019”долбоорунун алкагында 10-апрель күнү окуу жайыбыздын Ветеринария факультетинин студенттери үчүн карьера күнү уюштурулду. Ага университетибиздин ректору проф.,докт. Себахаттин Балжы, проректору проф.,докт. Анварбек Мокеев,  ветеринария факультетинин жалпы жамааты жана студенттери катышышты.

Атайын чакырылган коноктор КРнын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан Мира Искембаева,Түндүк регион боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунан Шабдан Акылбеков, Илимдер Академиясынын Биотехнология Институнун өкүлү Нурлан Султаналиев, ОсОО “Мисс Сүт” фирмасынын өкүлү Нурлан Мусаев болду.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн окуу жайыбыздын ректору проф.,док.Себахаттин Балжы жана проректор проф.,докт. Анварбек Мокеев студенттерди майрамы менен куттуктап, келип берген  бардык мекеме жана ишканаларга ыраазычылыгын билдиришти.

Андан соң иш-чарага келген ишкана, мекемелер өз ишмердүүлүгү менен тааныштырып,студенттердин суроолоруна жооп беришти.

Ошондой эле келген конокторго кофе-брейк даярдалып, андан ары окуу жайыбызда жайгашкан жаныбарлардын музейине саякат жасашты.

Даярдаган: Нурзат Казыбекова