«Ойчулдардын» жеңиши


Үстүбүздөгү жылдын 18-апрель күнү «Ойлоншоу» интеллектуалдык клубунун 10-сезонунун  9-рейтингдик акыркы оюну өткөрүлдү. Бул ирет оюн «Валюта» темасында болуп өттү.

Иш-чара «Манастын кыздары» бийчилер тобунун номери менен ачылып, андан соң Жылдызбек Жумабаев комузда кол ойнотуп, жаш манасчылардын бири Имашев Бексултан «Манас» айтып, жаш ырчы Шайыр Бакытбекова жагымдуу ыры менен өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Ал эми ачылыш сөзүндө клуб жетекчиси Бегимай Асыранова клубдун ишмердүүлүгү туурасында сөз кылып: “ «Ойлоншоу» интеллектуалдык клубу 5 жылдан бери тынымсыз иштеп келет. Бул убакыттын ичинде билимге умтулган, дилгир жаштарды тарбиялоодо клуб өз салымын кошуп келет, мындан ары  да аракет кыла бермекчибиз”,-деген оюн билдирди.

Оюн салтка айлангандай 3 турдан туруп, дүйнө өлкөлөрүнүн акча бирдиктери, аларга байланышкан кызыктуу фактыларга негизделген суроолор берилди. Курч атаандаштыкта өткөн оюндун жыйынтыгында биринчиликти “Ойчулдар” командасы багындырды. Ал эми 2-орунга “Ак шумкар”, 3-орунга “Чемпион” командалары татыктуу болду. Мындан сырткары, “Мыкты оюнчу” номинациясы аныкталып, ал наамга Сейитбеков Жумадыл татыктуу деп табылды.

Жеңүүчүлөргө “Көйкашка” коомдук бирикмеси тарабынан адабий китептер жана сыйлоо баракчалары тапшырылды.

Даярдаган: Акымбаев Алтынбек