“Айылдын проблемасын жергиликтүү тургундар батыраак чечет”


22-апрель күнү университетибиздин Касым Тыныстанов жыйындар залында “Инсандык өнүгүү” студенттик клубу тарабынан “Айыл жана шаарларды кантип өнүктүрөбүз?!” аталышындагы семинар болуп өттү. Семинардын коногу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы эксперт, тренер Бакыт Рыспаев болду.

Ал 30 жашында Тоң районунун акими болуп, дээрлик кыргызстандын бардык районун кыдырып чыккан.

Өлкөнү өнүктүрүүнү кааласаң, өзүңдү өнүктүрүүдөн башта деген Бакыт Рыспаев: “Кыргызстанда билим берүү системасы толук бир калыпка түшө элек. Бизде төрттөн үчтөн дипломго ээ болгондор бар, бирок ошого татыктуулар саналуу. Жетекчинин деңгээли жогору болсо, элдин жашоо турмушун, деңгээлин жогорулатуу оңой болот”,-деди.

Ал эми семинардын соңунда Бакыт Рыспаев студенттердин кызыккан суроолоруна жооп берди. Андан соң ага ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

Даярдаган: Нурзат Казыбекова