Юмор жана күлкүгө бай «Manas Cup»


16-апрель күнү Касым Тыныстанов жыйындар залында «Тамашака» лигасынын «Манас кубогу»  оюну өткөрүлдү. Оюнда  Студенттик кеңештин төрагасы Нурсултан Абдимиталип уулу, Даярдоо курсунун жетекчиси Эльгиз Жумабеков, «Асман» вокалдык ТВ-проектисинин жеңүүчүсү Урмат Токомбаев, алып баруучу Мухаммед Куртоглу  жана Эржан Султанов калыстык кылып, жеңүүчүлөрдү аныкташты.

Оюн «Триатлон» жана «Фристайл» аттуу 2 бөлүктөн туруп, жалпысынан 7 команда ат салышты. Алгач оюнчулар даярдап келген тамашаларын тартуулоо менен биргеликте калыстар тобунан берилген суроолорго ыкчам, күлкүлүү жооп кайтарып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.

Оюндун жыйынтыгы менен 3-орунга «Позитив» командасы татыктуу болсо, 2-орунга «Миллион Гон» командасы ээ болду. Ал эми 1-орунду «Тикенек» командасы багындырып, кубоктун ээси аталды. Ошондой эле «Эң мыкты команда» наамына «А» командасы ээ болсо, «Позитив» командасына «Эң мыкты тамаша» наамы берилип, күндүн «Эң мыкты оюнчусу» деп Асель Набижанова табылды. Жеңиш ээлерине кубок, сыйлоо баракчалары жана баалуу белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, «Тамашака» лигасынын оюндары студенттер арасындагы достукту, ынтымакты бекемдөө жана жаштардын талантын ачуу менен биргеликте элге күлкү тартуулоо максатында уюштурулуп келе жатат.

Даярдаган: Акымбаев Алтынбек