“Карьера күнү-2019” Көркөм өнөр факультетинде


Үстүбүздөгү жылдын 25-апрель күнү Көркөм өнөр факультетинин студенттери үчүн  карьера күнү болуп өттү. Ага университетибиздин ректору проф.,док. Себахаттин Балжы, Көркөм өнөр факультетинин деканы доцент.,док.Анарбек Ибраев, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, КРнын Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Таалай Усубалиев, жалпы окутуучулук жамаат,студенттер жана 20дан ашык мекемелер катышышты.

Иш-чаранын расмий бөлүгүнүн ачылышында сөз сүйлөгөн Көркөм өнөр факультетинин деканы доцент.,док. Анарбек Ибраев: “Факультеттин негизги максаты теориялык алган билимди, практика менен айкалыштыруу болуп саналат. Келечек ээлери боло турган жаштарга татыктуу билим берүү негизги милдетибиз”,-деп билдирди.

“Кыргызстандын, маданияттын келечеги боло турган жаштардын тарбияланып жаткандыгы, биздин өлкөнүн келечегинин кең экенинен кабар берет. Окуу жайдын  мындай чоң деңгээлдеги иш-чараны студенттерге уюштуруп берип жатканы өтө жакшы нерсе “,-деди КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев.

Ал эми окуу жайыбыздын ректору проф.,док. Себахаттин Балжы жалпы келген конокторго ыраазычылык билдирип, ийгилик каалап өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Көркөм өнөр факультетинин студенттери тарабынан даярдалган чакан концерттик программа коюлуп, андан соң кофе-брейк менен коштолду.

Даярдаган: Нурзат Казыбекова