Чет элдик студенттерге экскурсия уюштурулду


21-сентябрь күнү  чет өлкөдөн келип билим алып жаткан даярдоо курсунун студенттери "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси менен "Ала-Арча" улуттук жаратылыш паркына саякат жасашып, таанышып кайтышты.

Экскурсия 2019-2020- окуу жылынын Тосуп алуу жана жайгаштыруу программасынын алкагында уюштурулду.Бул иш-чарага студенттерден тышкары университетибиздин ректору проф., докт. Себахаттин Балжы, биринчи проректор проф., докт. Асылбек Кулмырзаев жана административдик жетекчилер катышты.

Өз кезегинде, университет ректору жана биринчи проректору студенттерге жаңы окуу жылында көптөгөн ийгиликтерге жетишүүсүн каалап өтүштү. Белгилей кетсек, бул өңдүү иш-чаралар ар жылы Студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалы тарабынан өткөрүлүп келет.

Которгон: Акымбаев Алтынбек