ТААНЫШУУ ЖАНА МАЕКТЕШҮҮ КЕЧЕСИ


Үстүбүздөгү жылдын 20-сентярбрында  Университетибиздин ректору проф., докт. Себахаттин Балжы жана биринчи проректору проф., докт. Асылбек Калмырзаев  менен боордош  өлкөлөрдөн келген даярдоо курсунун студенттеринин Таанышуу жана маектешүү кечеси уюштурулду.

 Таанышуу жана маектешүү кечеси эки өлкөнүн гимни, окуу жайдын таанытуу  тасмасы, "Көчмөндөр оюндары"  жана чет элдик студенттер үчүн атайын даярдалган видеону  көрсөтүү менен башталды. Ректор маегинде окуу жайда түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдөн кеп салып, адамдык сапаттар жана ийгилик жаратуудагы өзүнүн тажрыйбалары менен бөлүштү.  Ошондой эле студенттерди билим алуу менен бирге коомдук-маданий, спорттук иш-чараларга активдүү катышууга чакырды.

 Ал эми биринчи проректор агайыбыз университетте студенттер үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүн айтып, бул мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланууга чакырды. 

Жолугушуу чакан концертти программа менен коштолду. Маектешүүнүн катышуучулары Азат Сыдыков, Сырга Сагынбекова,  “Дастан” комузчулар ансамбли менен “Манастын кыздары” бий тобунун  таланттарына күбө болуп кайтышты.

Эскерте кетсек, бул жылы "Студенттерди тосуп алуу жана жайгаштыруу" иш- чарасы 2-сентябрдан 9-сентябрга чейин уланып жалпы 228 студент кабыл алынган.

Даярдагын: Аксаамай Назарбай кызы