ЭЛ АРАЛЫК СТУДЕНТТЕРДИН СПОРТ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН МЕЛДЕШ ӨТТҮ


5-октябрь күнү окуу жайыбыздын жаңы спорт комплексинде, эл аралык студенттердин спорт күнүнө  карата кыздар арасында волейбол боюнча мелдеш болуп өттү.

Ага Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы жана  университетибиздин курама командалары катышты.

 

 Мелдештин жыйынтыгында жеңишти  Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын кыздар курама командасы камсыз кылды. Ал эми 2-орунга окуу жайыбыздын кыздар командасы ээ болсо, 3-орунга Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети татыды. Спорттук иш-чаранын максаты, студенттер арасындагы достук мамилени чыңдоо менен бирге дени сак жашоого чакыруу болуп саналат.

Кошумчалай кетсек, эл аралык студенттердин спорт күнүнө арналган бул турнир "Кыргызстан студенттер спорт федерациясынын" колдоосу менен  алгачкы ирээт уюштурулду.  

Даярдаган: Айбек уулу Алтынбек