"АЧЫК ӨКМӨТ" ТУУРАЛУУ СЕМИНАР


Үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында Экономика жана башкаруу факультетинин К.Тыныстанов жыйындар залында «Ачык Өкмөт өнөктөштүгү» жана «Мамлекеттик сатып алуу жана сырттан келген жардамдардын ачык-айкындуулугу» темасында семинар болуп өттү.

Анын коноктору "Ачык Өкмөт" улуттук форуму секретариатынын адистери Улук Висид уулу жана Чыңгыз Бексултанов болушту.

Семинардын жүрүшүндө спикерлер ачык өкмөт боюнча маалымат берип, кызыккан жаштар менен иштешүүгө, жол көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Ошондой эле студенттердин кызыккан суроолоруна жооп берип, активдуу катышкандарга атайын ала келген белектерин беришти.

     Белгилей кетсек, бул семинар Ачык Өкмөт тууралуу коомго кенен маалымат жеткирүү максатында алгачкы ирээт уюштурулду.

 

Даярдаган: Мелис кызы Луиза