2019-2020- ОКУУ ЖЫЛЫНЫН СТУДЕНТТИК КЕҢЕШ БАШКАРМАЛЫГЫ ШАЙЛАНДЫ


Үстүбүздөгү жылдын 17-октябрында Студенттик Кеңешти шайлоонун акыркы этабы болуп өттү. Шайлоого университетибиздин проректору проф., докт. Анварбек Мокеев баш болгон Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, бүтүрүүчүлөр жана студенттер менен иш алып баруу филиалынын кызматкерлери, ошондой эле студенттер тарабынан жаңы шайланган Студенттик Кеңештин мүчөлөрү катышышты.

      Шайлоонун жүрүшүндө проректор проф.,докт. Анварбек Мокеев: « Силер 5000ден ашык студенттин арасынан суурулуп чыгып, алардын атынан өкүл болуп келип отурасыңар. Университет үчүн дагы өтө чоң күч болуп эсептелесиңер. Моюнуңарга чоң жоопкерчилик артылды. 2019-2020-окуу жылында силерден көптөгөн ийгиликтерди, жылыштарды күтөбүз.»,- деди.

    Андан соң Серхат Атмажа шайлоонун жоболору менен тааныштырып, жаңы окуу жылындагы Студенттик Кеңештин төрагасы, төраганын орун басары шайланды. Төрагалыкка өзүнүн талапкерлигин койгон Аскарбек Абдуакимов, ошондой эле төраганын орун басарына талапкер Онур Кайа бардыгынын макулдугу менен бир добуштан шайланышты.

   7 студенттен түзүлгөн башкаруу тобу жана 3 студенттен түзүлгөн текшерүү тобу болуп, 10 студенттен турган Студенттик Кеңештин жаңы курамы бекитилди.

Даярдаган: Мелис кызы Луиза