СТУДЕНТТЕРДИН АР ТАРАПТАН ӨНҮГҮҮСҮНӨ САЛЫМ КОШКОН КЛУБДАР ЖАРМАНКЕСИ


1-ноябрда клубдардын жарманкеси уюштурулуп, ага 16 клуб катышты. Жарманке Студенттик кеңештин катышуусунда, К.Тыныстанов жыйындар залында өткөрүлдү.


Иш-чараны "Манастын кыздары" бий тобу ачып, андан соң Студенттик кеңештин төрагасы Аскарбек Абдуакимов сөз сүйлөдү. Анын айтымында быйыл атайын Студенттик кеңеш жана анын курамындагы клубдар үчүн өзүнчө имараттын ачылышы аларды кубандырып, дагы да иштөөгө шыктандырып жатат. " Атайын биз үчүн шарттар түзүлүп жатканда мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өзүбүздү өнүктүрүшүбүз керек. Ар тараптан өнүгүүнүн бир жолу клубдарга кошулуу. Андыктан клубдар менен иштешиңиздер",-деп кайрылды даярдоо курсунун студенттерине.


Андан соң каттоодон өткөн ар бир клуб жетекчилери презентация сунуп, өз клубдарын таанытышты. Алар презентациясында клубдун жетишкендиктерин, өзүңдү өнүктүрүүдөгү мүмкүнчүлүктөрүн жана пайдалуу тараптарын көрсөтүштү.
Расмий бөлүгүнөн кийин жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу менен жарманке жыйынтыкталды.
Эскерте кетсек, Студенттик кеңештин астында жалпы 31 клуб студенттердин таланттарын ачуу, билимин жогорулатуу максатында иштеп келет.


                                                                                  Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы