ЖАШТАР БАҢГИЗАТТЫ ЭМЕС, СПОРТТУ ТАНДАЙТ


“Баңгизаттар жана алардын зыяны” аталышындагы семинар, 25-ноябрь күнү окуу жайыбыздын Экономика жана башкаруу факультетинде болуп өттү. Ага конок катары Бажы кызматынын подполковниги Жээнбеков Нурбек келип, студенттерге семинар өтүп берди.

Анда баңгизаттын зыяндуулугу, жашоого өтө чоң коркунуч жараткандыгы жана аны колдонуучулардын саны күн сайын көбөйүп бара жатканын айткан Нурбек Жээнбеков буларга токтолду: “ Баңгизат колдонгон адамды биринчи көзүнө карап билүүгө болот. Себеби, колдонгон адамдын көзү башкача болуп дароо эле байкалат. Дени сак жашоодо жашагыбыз келсе, ар бирибиз спорт менен машыгууга муктажбыз. Сергек жашоо образын курган адам, баңгизат колдонуудан алыс болот жана аны колдонуу дагы азаят эле”,-деген оюн билдирди.

Мындан сырткары атайын оюндар ойнотулуп, студенттердин суроолоруна дагы жооп берди.


Бул иш-чара Студенттик иштер башкармалыгы студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалы тарабынан, баңгиликтин алдын-алуу максатында уюштурулган.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы