СТУДЕНТТЕРГЕ АРНАЛГАН МАЙРАМДЫК КЕЧЕ ӨТТҮ


Окуу жайыбыздын Студенттик кеңеши тарабынан студенттерге арналган атайын майрамдык кече уюштурулду. Ага университетибизде окуган бардык курстун студенттери катышышты. Студенттик кече окуу жайыбыздын Коммуникация факультетинде 22-ноябрь күнү болуп өттү.

Ага конок катары белгилүү жылдыздар pbl75, Бегиш, tvoydar, true.voice.rec келип, trio_dekaneyro группасы алып баруучулук милдетти аркалады.

Кеченин жүрүшүндө кирүү билетиндеги номерлер аркылуу лотерея ойнотулуп, атайын даярдалган белектер тапшырылды. Мындан сырткары баш байгеге коюлган İphon7 үлгүсүндөгү телефондун жеңүүчүсү табылып, кече жыйынтыкталды.

 

Даярдаган: Мелис кызы Луиза