"ЖЫЛУУЛУК" АКЦИЯСЫ ТАЗАЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ЖҮЗҮНӨ ЖЫЛМАЮ ТАРТУУЛАДЫ


30-ноябрь күнү университетибиздин Студенттик кеңеши тарабынан алгачкы жолу "Жылуулук» акциясы уюштурулду. Ага "Ак-Ниет", "Ойлоншоу" клубдарынын мүчөлөрү катышып, тазалык кызматкерлерине ысык чай жана таттууларды таратышып, тазалоо иштерине жардам берип кайтышты.

«Жылуулук» акциясында студенттер топ-топко бөлүнүп, борбор шаарыбыздын чоң көчөлөрүндө иштеген кызматкерлерге бири ысык чай, кофесин сунуп, жылуулук тартууласа, бири колундагы шыпыргыны алып ишин арбындатышты.


Студенттердин мындай аракетине ыраазы болгон, тазалык кызматында иштеген Мунара Кызалакова: «Мен 4 жылдан бери тазалык кызматында иштеп келем. . Кээде ушинтип студенттердин бизге жардам бергендери көңүлүбүздү көтөрүп, ичибизди жылытат. Мен ысык кофемди ичкенче, мага бөлүнгөн жердин бир тобун бат эле тазалап коюшту",- деп ыраазылыгын билдирди.

«Башында аз студент келетго деп коркуп жатканбыз бактыга жараша 50дөн ашык студент катышты. Кызматкерлердин дагы көңүлүн көтөрүп, өзүбүз дагы сүйүнүп калдык. Бул демилгибизди колдон келишигнче ар ишемби күндөрү уюштуруп турууну пландап жатабыз», - деди Студентик Кеңештин төрагасы Аскарбек Абдуакимов.


Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы