ЧЕТ ӨЛКӨДӨ МАГИСТРАТУРАЛЫК БИЛИМ АЛУУ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ


3-декабрь күнү университетибиздин Экономика жана башкаруу факультетинде «Чет өлкөдө магистратуралык билим алуу» темасынын алкагында семинар өткөрүлдү. Семинардын спикери «Logos» билим берүү борборунун негиздөөчүсү жана директору Алтынбек Бегалиев болду.


Алтынбек Бегалиев чет өлкөдөгү контракттык жана бюджеттик негизде кабыл алган университеттерди тааныштырып, тапшыруу жол-жоболорун дагы айтып өттү. Аны менен бирге төмөнкүлөргө токтолду: «Көпчүлүгүңөр үчүн чет өлкөгө окууга тапшыруу, магистратураны чет өлкөдөн бүтүп, тажрыйба топтоп келүү колуңардан келбечүдөй сезиле берет. Бирок андай эмес, аракетиңерге жараша мүмкүнчүлүк аласыңар. Негизгиси максатыңарды туура коюп, силерди максатыңарга алып бара турчу жолду тандашыңар керек. Мисалы дүйнөдө 16000ге жакын университет бар, алардын арасынан силерди максатыңарга жетелей турчу университетти жана көздөгөнүңөргө жетүүгө тоскоол болбой турчу өлкөнү тандаганыңар оң. Ошол нерседен адашпашыңар керек»,-деди.

Андан сырткары документтерди тапшырууда талап кылынчу документтерге дагы токтолуп кетти. «Биринчи эле бакалаврды жакшы баа менен бүтүрүү, TOEFL 90-100 же болбосо IELTS 7.0-7.5 деңгээлинде болушу керек. Андан башка коомдук активдүүлүк, эссе, сунуштама кат, ж.б. мыкты болушу керектелет»,-деп айтты Бегалиев.

Ошондой эле семинардын алкагында суроо-жооп дагы орун алып, студенттер кызыккан суроолоруна жооп ала алышты.

Белгилей кетсек, «Logos» билим берүү борбору 2008-жылдан бери студенттерди чет өлкөгө окууга жиберүү кызматын аткарып келет. Учурда бул билим борбору 30 өлкөдөн 1000дин тегерегиндеги университеттер менен түз келишимдин негизинде иш алып барат.

Даярдаган: Мелис кызы Луиза