КЕЗЕКТЕГИ МАЕКТЕШҮҮ


19-декабрь күнү университетибиздин ректору проф.,док. Себахаттин Балжы жана биринчи проректору проф.,док. Асылбек Кулмырзев Теология жана Көркөм өнөр факультетинин студенттери менен маектешүү кечесин өткөрүштү. Аталган жолугушуу ректорантттын жыйындар залында болду.


Маектешүү кечеси алгач эки өлкөнүн гимни менен башталып, андан соң окуу жайдын таанытуу тасмасын көрсөтүү менен улантылды. Андан тышкары students.manas.edu.kg медия порталы тарабынан тартылган, эки факультеттин бүтүп кеткен студенттери тууралуу видео көрсөтүлдү.
Университеттин ректору "Ийгиликке жетүү үчүн илим жана ыйман керек. Ал эми бул экөөнү элге чагылдырып берүү үчүн көркөм өнөр керек. Андыктан Көркөм өнөр факультети университеттин күзгүсү, ал эми Теология факультетти ыйманды, туура жолду көрсөтүүчү факультет деп айта алам",-деди.


Ал эми биринчи проректор поф., док Асылбек Кулмырзаев "Инсан мамлекет мен үчүн эмне кылды дебей, алгач мен мамлекет үчүн эмне кылдым деген ой менен пайдалуу иш жасоо керек. Ошондо гана мамлекет өнүгөт. Андыктан мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошуу керек", - деген оюн билдирди.


Эскерте кетсек, салтка айланып калган маектешүү кечеси жыл сайын ар бир факультетттин студенттери менен жакындан таанышуу жана мотивация берүү максатында өткөрүлүп келет.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы