ӨЛКӨ БИРИНЧИЛИГИНДЕ КТМУНУН СТУДЕНТТЕРИ ДА АЛДЫҢКЫ ОРУНГА ЭЭ БОЛДУ


14-15- февраль күндөрү борбор калаада жеңил атлетика боюнча биринчилик болуп өттү. Анда КТМУнун спортчулары да катышып, алдыңкы орундарга ээ болгонун Студенттик кеңештин спорт комитетинин төрагасы Алибек Тургунбаев билдирди.


Спортчулар өлкө биринчилигинде аралыкка чуркоо, алыстыкка жана бийиктикке секирүү боюнча спорт түрлөрүнө катышышкан. Алар алдыңкы орундарды багындырууга жетишишкен.
Алардын бири Албина Шабданалиева 60 метрге чуркап 3- орунга ээ болсо, 1,5 км ге чуркап Шераалы Жолдошбек уулу 4-орунду камсыздаган. Ал эми Алиарген Таалайбеков 5.90 см ге секирип, 3-орунга татыган.


Даярдаган:Аксаамай Назарбай кызы