2020-ЖЫЛ-ИЙГИЛИК ЖЫЛЫМ


20-февраль күнү Көркөм өнөр факультетинин Маданият борборунда Студенттик Кеңеш жана КТМУ Бүтурүүчүлөр ассоциациясы тарабынан Эл аралык деңгээлдеги коуч Максат Муктаровдун катышуусунда “2020-жыл – ийгилик жылым” аталышындагы семинар уюштурулду. Ошондой эле семинардын коноктору Урмат Борченов жана Эркин Нурбаев болушту.
Башканы коюп эң биринчи өзүңөрдү сүйгүлө, сыйлагыла деген Максат Муктаров өзүнүн басып өткөн жолу, тажрыйбалары менен бөлүшүп, төмөнкүлөргө токтолду: “ Өзүңөргө кандай ID берсеңер эл дагы ошондой кабыл алат. Башында мен кийин эл аралык деңгээлдги коуч болом дегенимде сенден кандай коуч чыкмак эле дегендер болгон. Бирок мен ошондо эле өзүмө эл аралык деңгээлдеги коуч деген ID бергем. Силердин өзүнөргө берген бааңарды эч ким өйдөгө көтөрүп же түшүрө албайт. Ар бир өткөн тренинг, семинарларымда “Ким эл катарында жашайт, ким эл үстүндө, ким элдин артында жашайт?”,-деген суроону берип бардыгынан эл катарында жашайм деген жоопту алам. Мен миллионерлерге, студенттерге ж.б. көптөгөн адамдарга тренинг өтөм. Бардыгы өзүн эл катарындамын деп эсептейт, анткени ошол адамдын чөйрөсү ошондой түзүлгөн. Миллионердин достору дагы миллонер, студенттин достору дагы студент. Ошондой эле көпчүлүк адамдар эмне каалап жатканын билишпейт. Так алдыга койгон максаты бүдөмүк болгондуктан ийгиликке жете алышпайт. Анткени 3 суроонун үстүндө иштешпейт. Бир нерсеге жетүү үчүн 1) эмне? 2)эмне үчүн 3) кантип? деген суроолорго бере турчу так жообу болушу керек. Ошондо гана өзүн курчаган коркунучтун баарын жеңип ийгиликке жете алат. Бул жашоодо өлүмдөн башка маселелердин бардыгынын чечүү жолу бар”,- деди.


Ошондой эле семинардын коногу Эркин Нурбаев: “ Мен “Манас” университетинин бүтүрүүчүсүмүн. Университеттен көп нерсе үйрөндүм, университет, чөйрө мени тарбиялады десем болот. Учурда жашоомо эч кандай өзгөрүү жасагым келбейт, бактылуу адаммын” – деген пикирин билдирди.
Программанын соңунда келген конокторго Студенттик Кеңеш тарабынан ыраазычылык баракчалары берилди.


Даярдаган: Мелис кызы Луиза