“КТМУ ТААНЫТУУ – 2020” ДОЛБООРУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ


“КТМУ таанытуу – 2020” долбоорунун отчёттук кечеси 21-февраль күнү ректораттын жыйындар залында болуп өттү. Иш-чарага ректор, биринчи проректор, агай-эжелер жана жер-жерлерге таанытуу иштерин жүргүзгөн ыктыярчы студенттер катышты.


Алгач эки боордош өлкөнүн мамлекеттик гимни ырдалып, ачылыш сөзү проректор, проф.,док. Анварбек Мокеевге берилди: “ Акыркы жылдары биз бул долбоорду студенттерибиз менен биргеликте жүргүзө баштадык. Анткени университетке тапшырган абитуриенттерден сурамжылоо жүргүзгөндө көпчүлүгү университетте окуган студенттерден маалымат алып келип тапшырганын жазышкан. Ошондон кийин ыктыярдуу студенттерибиз менен таанытуу ишин жүргүзөлү деген бүтүмгө келгенбиз.”


Андан соң таанытуу долбоору аркылуу маалымат алып университетке тапшырган студенттер тууралуу даярдалган видео көрсөтүлүп, ар бир облусттун жетекчилери тарабынан отчёттор берилди.
Ошондой эле биринчи проректор,проф.,док. Асылбек Кулмырзаев: “ Биз силердин бул ишти ийгиликтүү аткарышыңарга ишенгенбиз, бардыгыңарга терең ыраазычылык билдирем. Кыргызстан чоң өлкө эмес. Ошондой болсо дагы университет тууралуу билбегендер бар. Биздин студент тандоодо кыйынчылыгыбыз жок. Бирок аймактарга таанытуу иштерин жүргүзүү менен билимге умтулган жаштарга шарт түзүп беришибиз керек”,-деди.


Ал эми кубанычын ичине жашырбай, “биз чоң бир үй-бүлөбүз” деген ректор, проф.,док. Себахаттин Балжы төмөнкүлөргө токтолду: “ Мен силер менен сыймыктанам. Биз окутуучулук жамаат менен таанытуу ишин жүргүзсөк, силерчелик ийгиликтүү боло алмак эмеспиз. Ар бир нерсени жашаган адам айтса жеткиликтүу болот. Силер дагы өзүңөрдүн көргөн нерселериңер менен бөлүшүп маалымат берип келдиңер. Суук, менин эс алуу күндөрүм дебестен, университет үчүн деп таанытуу ишин жүргүздүңөр. Силердин араңардан Курманжан Датка, Чыңгыз Айтматов, Касым Тыныстанов, Махмуд Кашгари сыяктуу чыгаан адамдар чыгаарына ишенем”,-деди.
Кеченин соңунда аймактарга таанытуу жасаган студенттер биргеликте эстеликке сүрөткө түшүшүп, шоколад жана суусундуктар менен сыйланышты.


Белгилей кетсек, бул иш-чара университетти аймактарга таанытуу максатында жылына уюштурулуп келет. Жалпысынан бул жылы 153 ыктыярчы 285 мектепке барып, 10965 окуучуга университет тууралуу маалымат берип кайтышкан.


Даярдаган: Мелис кызы Луиза