«ТАЗА КАМПУС» ИШЕМБИЛИГИ УЮШТУРУЛДУ


Үстүбүздөгү жылдын 14-мартында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенттеринин жана студенттик кеңешинин демилгеси менен "Таза кампус" аттуу ишембилик болуп өттү. Аталган ишембиликке 100дөн ашык студент катышып, кампустун аймагынан 50дөн ашык кап таштанды чыгарышты.


Ишембиликке катышкан студенттердин бири Чолпонбек Сабырбеков айлана-чөйрөнү таза кармоо ар бир адамдан башталат деп эсептейт.
«Бул ишембилик биринчи эле окуган окуу жайыбыздын таза болуусуна студенттердин кошкон кичинекей салымы. Ошондой эле айлана-чөйрөнү таза кармоого, башка адамдардын эмгектерин сыйлоого жардам берет. Анан албетте ар бир адамдын өзүнө болгон сый-урматты жогорлотууга жардам берет деп ойлойм"-, деди ал.

Даярдаган: Абдурасул Жанибеков