2020-2021-ОКУУ ЖЫЛЫНДАГЫ СТУДЕНТТИК КЕҢЕШИНИН ТАНДООСУ ОНЛАЙН ЖҮРГҮЗҮЛДҮ


2020-жылдын 27-октябрында Студенттик кеңеш башкармалыгынын башкаруу жана текшерүү тобуна шайлоо болуп өттү. Өлкөдө пандемия болгондугуна байланыштуу шайлоо Google Meet жана Google Forms тиркемелеринин жардамы аркылуу онлайн жасалды. Тандоого университет ректору, проректорлор, башкармачылыктын жетекчилери, университет мүчөлөрү, мурунку Студенттик кеңеш башкармалыгынын мүчөлөрү, факультет жана бөлүм өкүлдөрү катышты.

Студенттик иштер башкармалыгы Студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалынын мүдүрү Кыял Турдакунова модератордук кылган программада проректор жана шайлоо кеңешинин төрагасы проф.док. Анварбек Мокеев бүгүнкү күндүн маанилүүлүгү жана талапкерлердин арыздары, ошондой эле болуп өткөн факультет жана бөлүм өкүлдөрүн шайлоо боюнча маалымат берип өттү. 

Университет ректору проф.док. Алпаслан Жейлан ачылыш сөзүндө мурунку Студенттик кеңеш башкармалыгына ыраазычылыгын билдирип, жаңы шайлана турчу Студенттик кеңеш башкармалыгына жана тобуна ийгилик каалады.

Ошондой эле шайлоо кеңешинин мүчөсү док. Серхат Атмажа шайлоонун жүрүшү жана добуш берүү тартиби боюнча тааныштырып өттү. 
Мурунку Студенттик кеңеш бир жылдык отчету менен бөлүшкөн соң 2020-2021-окуу жылынын Студенттик кеңешине талапкерлигин койгондор өзүлөрүн жана долбоорлору боюнча маалымат беришти. 
Бул жылдык Студенттик кеңеш башкармалыгына талапкерлигине 2 команда койгондуктан атаандаштык курч болду. Башкаруу тобуна 18 студент, текшерүү тобуна 6 студент талапкерлигин койду. Шайлоонун жыйынтыгында башкаруу тобуна Осман Йиген, Нурсултан Канаев, Раиса Йерланбек, Бостонбек Бабаев, Каныкей Турдубекова, Бегимай Бекбоева, Рыспек Кубанычбеков тандалды. Ал эми текшерүү тобуна Мүжтеба Пек, Кемран Табдыгов жана Ажар Матраимова тандалды.

 

Даярдаган: Мухаммед Куртоглу
Которгон: Луиза Мелис кызы