Студенттик кеңештин башкаруу жана текшерүү тобу университет башкармалыгы менен таанышты


2020-2021- окуу жылынын Студенттик кеңешинин төрагасы, төраганын орун басары башкаруу жана текшерүү тобунун мүчөлөрү менен университет башкармалыгынын таанышуу жыйыны болуп өттү.  Жыйынга университет ректору проф.,док. Алпаслан Жейлан, биринчи проректор проф.,док. Асылбек Кулмырзаев, проректор проф.,док. Анварбек Мокеев, университет мүчөлөрү, Студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалы жана Студенттик кеңештин мүчөлөрү катышты.

 

Программанын алкагында ректор, биринчи проректор, проректор жаңы шайланган студенттик кеңеш башкармалыгына ийгилик каалашты. Андан соң 2020-2021-окуу жылынын студенттик кеңешинин мүчөлөрү өзүлөрүн тааныштырышты.
Ал эми Студенттик кеңештин төрагасы Нурсултан Канаев жана төраганын орун басары Осман Йиген үстүбүздөгү окуу жылында студенттик кеңеш тарабынан ишке ашырыла турчу проекттери менен тааныштырышты.
Программанын аягында биринчи проректор проф.,док. Асылбек Кулмырзаев: “Студенттик кеңеш башкармалыгынын даярдаган проекттери аябай жакты. Бул проекттердин ишке ашырылышына дайыма жардам берүүгө жана колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Дагы бир жолу бардыгына ден соолук жана ийгилик каалайм.”,- деди.


Даярдаган: Мухаммед Куртоглу
Которгон: Луиза Мелис кызы