ТАЖИКСТАНДЫК СТУДЕНТТЕРДЕН ӨКҮЛ ШАЙЛАНДЫ


Эл аралык студенттер координаторлугуна 2020-жылдын 21-ноябрында көп улуттуу университетибизде Тажикстандык студенттер арасында өкүл тандалды.

Жылда эл аралык студенттердин активдүү катышуусу менен Студенттик иштер башкармалыгынын Студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалы тарабынан өткөзүлүп келген шайлоо быйыл онлайн форматта өткөзүлдү. Google Meet платформасында жүргүзүлөн бул шайлоодо эң көп добуш менен Хайотулло Азимов кайрадан Тажикстандык студенттердин өкүлү болуп тандалып алынды. Эскерте кетсек аты аталган студент өткөн окуу жылында да өкүл болуп шайланган. Эл аралык студенттер координаторлугунун атынан Хайотуллого ийгилик каалайбыз!!!