САМБО БОЮНЧА ДҮЙНӨЛҮК МЕЛДЕШТЕ СТУДЕНТИБИЗ БАЙГЕЛҮҮ КАЙТТЫ


5-ноябрда башталган турнир 8-ноябрда жыйынтыкталды.
World Sambo 2020 Сербиянын Нови-Сад шаарында өттү. Иманбек Тентиев 52 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча күч сынашты. Финалдык беттеште орусиялык Кубарков Андрей менен беттешип, жыйынтыгында өлкөбүздүн эсебине күмүш медаль алып келди.


Белгилей кетсек Иманбек Тентиев Самбо боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери.
Бул спортчубуздун алгачкы жеңиши эмес. Буга чейин бир катар чемпиондук мелдештерде байгелүү орундарга ээ болгон.