"Тайгак жол" даректүү тасмасы Түркиянын Стамбул шаарында өткөн Future Communicators эл аралык кинофестивалында жеңишке жетишти.


Пандемиянын шартында кинофестиваль быйыл онлайн режиминде өттү. Ага карабастан фестивалга катышуучулардын саны көп болду. "Тайгак жол" Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенти Гулнара Айтмаматованын дипломдук иши.


Кино-көрүүчүнүн өзүнө болгон ишенимин ойготуп, изденүүгө түртөт. Ар бир адамга табиятынан кандайдыр бир өзгөчөлүк,талант берилери чындык. Тасманын башкы каарманы Каныкей, тоолордун арасында жашаган мектеп окуучусу. Ал койчунун кызы. Каныкейдин чоң кыялы бар жана бул кыялынын бир күнү сөзсүз орундаларына ишенет. Бүтүндөй команданын кылган эмгеги ийгиликтүү болуп, көрөрмандардын жүрөгүнөн түнөк таап жатканы кубандырбай койбойт.