ӨЗБЕКСТАНДЫК СТУДЕНТТЕРДИН ӨКҮЛҮ ТАНДАЛДЫ


Көптөгөн өлкөлөрдүн студенттерин кабыл алган университетибизде 2020-жылдын 23-ноябрында Өзбекстандан келген студенттер арасынан өкүл шайланды.
Жыл сайын шайлоо студенттердин жигердүү катышуусу менен, жабык добуш берүү процесси аркылуу өткөрүлүп келген болсо, бул жылы пандемияга байланыштуу онлайн режимде Google Meet тиркемеси аркылуу өткөрүлдү. 2020-жылдын 23-ноябрында Эл аралык студенттердин координаторлугу тарабынан уюштурулган шайлоодо Өзбекстандык студенттердин көпчүлүк бөлүгүнүн добушуна ээ болгон Айнур Күнтуар 2020-2021-окуу жылы үчүн Өзбекстандын Студенттеринин өкулү болуп шайланды.


Даярдаган:Мухаммед Рамазан Куртоглу
Которгон:Луиза Мелис кызы