АФГАНИСТАНДЫК СТУДЕНТТЕРДИН ӨКҮЛҮ ТАНДАЛДЫ


Көптөгөн өлкөлөрдүн студенттерин кабыл алган университетибизде 2020-жылдын 5-декабрында Афганистандан келген студенттер арасынан өкүл шайланды. 
Жыл сайын шайлоо студенттердин жигердүү катышуусу менен, жабык добуш берүү процесси аркылуу өткөрүлүп келген болсо, бул жылы пандемияга байланыштуу онлайн режимде Google Meet тиркемеси аркылуу өткөрүлдү. 2020-жылдын 5-декабрында Эл аралык студенттердин координаторлугу тарабынан уюштурулган шайлоодо Афганистандык студенттердин көпчүлүк бөлүгүнүн добушуна ээ болгон Энайетуллах Сайедхайли 2020-2021-окуу жылы үчүн Афганистандык Студенттеринин өкулү болуп шайланды.

 

Даярдаган:Мухаммед Рамазан Куртоглу
Которгон:Луиза Мелис кызы