"ЖЫЛДЫН МЫКТЫ СПОРТ ЖУРНАЛИСТИ"


Өлкөбүздүн массалык маалымат агенттигинин биринде эмгектенген Асылбек Бактыбеков KTRK SPORT AWARDS 2020 сыйлыгында "Жылдын мыкты спорт журналисти" аталды. КТРК Спорт каналынын беш жылдыгына карата уюштурулган иш чарада бул наамга бир канча талапкер ат салышты. Алгач спорт тармагында эмгектенген журналисттер тандалып алынды. Финалга өткөн талапкерлер көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнө коюлуп, жыйынтыгында жылдын мыктысы аныкталды. Сыйлоо аземи, 13-декабрда, Коомдук биринчи каналда өттү. Асылбек Бактыбеков сертификат жана статуэткага ээ болду.
Сыйлык бүтүрүүчүнүкү, сыймык бүтүндөй окуу жайдыкы. Жеңиши менен куттуктап, алдыда иштерине албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!