ЭМНЕГЕ АЙЫЛ-ЧАРБА?


Студенттик кеңештин төрагалыгына караштуу “Агропрогресс фермерлер” клубу 2020-жылдын 19-ноябрында “Эмне үчүн айыл-чарба?” аттуу семинарын өткөрдү. Семинар онлайн режимде Google Meet тиркемеси аркылуу өткөрүлдү.

Иш-чаранын коногу университетибиздин ийгиликтүү бүтүрүүчүсү жана Natural Stone компаниясынын директору Бактыгүл Аскералиева болду.
Бактыгүл Аскералиева жүзгө жакын катышкан семинарда өзүн тааныштырган соң: “Ар бир кесип ардактуу жана баалуу. Кесибиңди мыкты билген адамдардын бири бол. Заманбап техникаларды жана технологияны мыкты өздөштүрүп, бир нече чет тилин дагы үйрөнүүнү унутпаңыз. Ошондо сиз Кыргызстандын айыл-чарбасын өнүктүргөн адамдардан болосуз”,-деди. Андан кийин семинар студенттер тарабынан берилген суроолор менен суроо-жооп иретинде улантылды. Семинардын аягында Бактыгүл Аскералиевага ыраазычылык баракчасы тапшырылды.



 


Даярдаган:Мухаммед Рамазан Куртоглу
Которгон:Луиза Мелис кызы