ДОЛБООР ЖАНА МЕН


2020-жылдын 1-декабрында Студенттик кеңеш башкармалыгынын алдында иш алып барган “Агропрогресс фермерлер” клубу тарабынан “Долбоор жана Мен” аталышындагы семинар болуп өттү. Семинар онлайн режимде Google Meet тиркемеси аркылуу өткөрулдү. Иш-чаранын коногу университетибиздин ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрүнүн бири Капар Насиридинов болду.

 

Капар Насиридинов: “Эң негизгиси долбоорду кайдан баштоо керек экендигин билүү керек. Мындан сырткары долбоордун ишке ашырылышы коомдун кайсы тармагына тиешелүү экендигин бтлүү биз үчүн өтө маанилүү”,-деди.
Андан соң студенттерге “Долбоор дегенде эмнени түшүнөсүңөр” деген суроо берип, студенттердин аныктамаларын кунт коюп укту. Ошондой эле семинардын соңунда катышуучулар тарабынан берилген суроолорго жооп берди.



Даярдаган:Мухаммед Рамазан Куртоглу
Которгон:Луиза Мелис кызы