ӨЗҮН-ӨЗҮ ӨНҮКТҮРҮҮ


2020-жылдын 13-декабрында Студентик кеңештин ‘Biolife’ клубу тарабынан “Өзүн-өзү өнүктүрүү” темасындагы онлайн семинар Google Meet тиркемеси аркылуу уюштурулду.
Семинардын коногу университетибиздин Теология факультетинин бүтүрүүчүсү жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин жардамчысы Аязбек Атамкулов болду. Семинарга 70ке жакын студент катышты.
Аязбек Атамкулов адам-өзүн өнүктүрүү үчүн эмне кылышы керектигин баса белгилеп, жеке өнүгүүдө пландаштыруу канчалык маанилүү экендигин жана кантип пландаштыруу керектигин түшүндүрүп берди. Өнүгүү үчүн кандай китептердин түрлөрүн окуу керектигин айтты. Ошондой эле адамдар ар кандай терс жагдайларда өзүн кандай алып жүрүшү керектигин, кандай адамдардан мотивация алыш керектигин түшүндүрдү. Семинардын соңунда студенттер кызыккан суроолоруна жооп алышты.

 



Даярдаган:Мухаммед Рамазан Куртоглу
Которгон:Луиза Мелис кызы