Акысыз тамак берилүүдө


7-ноябрдан баштап университетибиздин студенттер үйлөрүнүн кафетерияларында эртең мененки тамак акысыз таратыла баштады

Эртең мененки тамак саат  7:30 да башталып, анда булочка, сыр, брынза, симит сыяктуу тамактар чай менен бирге берилүүдө.

Бул долбоор университетибиздин ректору Проф., док., Себахаттин Балжынын демилгеси менен уюштурулуп жатат.

Студенттик Кеңештин башкаруу тобунун мүчөсү Айзирек Муктарова уюштурулуп жаткан иш-чара тууралуу  көз карашын билдирди:  “Мен студенттик үйдө жашайм. Студенттердин көбү таңкы тамакты  ичишпейт, түшкү тамакка чейин жүрүшөт. Бул ден-соолугубузга зыян экендигин баарыбыз билебиз. Бул иш-чарадан кийин студенттер эртең мененки тамактанууну көнүмүш адатка айландырышат деп үмүттөнөм. Ошондой эле бул долбоорду уюштурган ректорубузга  жалпы студенттердин атынан терең ыраазычылык билдирем”-деди.

Кабарчы: Нурзида Тойгомбаева