GLOBAL UGRAD АЛМАШУУ ПРОГРАММАСЫ


2020-жылдын 6-декабрь күнү Студенттик Кеңештин Англис тилинде баарлашуу клубу тарабынан 'Global UGRAD Exchange Program' аттуу семинар болуп өттү. Семинар англисче баарлашуу клубунун Instagram эсебинде түз эфирде көрсөтүлдү. Иш-чаранын коногу университетибиздин ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрүнүн бири Билимбек Бактыбек уулу болду. Билимбек Бактыбек уулу семинарда "Global UGRAD" программасы жөнүндө кеңири маалымат берип, документтерди тапшырууда эмнелерди эске алуу керек, кандайча даярдануу керек жана ниет катынын кандай болушу керектигине токтолду. Семинардын аягында студенттердин суроолоруна жооп берип, программага кызыккан досторду ар дайым колдой тургандыгын айтты.
Эске салсак, 'Global UGRAD' алмашуу программасы - студенттерге Америка Кошмо Штаттарында акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк берген жана студенттерге стипендия берген алмашуу программасы.

 



Даярдаган: Мухаммед Рамазан Куртоглу
Которгон:Сайтбурхан кызы Гүлкайыр