МОТИВАЦИЯ, ИЗИЛДӨӨ ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮ РЕСУРСТАРЫ


Студенттик Кеңештин "Котормочу жана котормочулар" клубунун "Ийгиликтүү бүтүрүүчүлөр" долбоорунун алкагында 2020-жылдын 24-декабрында "Мотивация, изилдөө жана билим берүү ресурстары" аттуу семинар болуп өттү. Семинар онлайн режиминде Google Meet аркылуу өткөрүлүп, иш-чаранын коногу университетибиздин ийгиликтүү бүтүрүүчүсү, учурда Германиянын Олденбург Остолштейн Беруфшшюль кесиптик лицейинин 1-курсунун студенти, Эржан Байкулов болду. Университетибиздин бүтүрүүчүлөрү тарабынан уюштурулуп, эки жумада бир өткөрүлүүчү семинардын бул жолку коногу Эржан Байкулов өзүнүн турмушундагы тажрыйбалары жана жетишкендиктери жөнүндө маалымат берип, Германияда окуу жөнүндө кенен маалыматты катышуучулар менен бөлүштү. Андан кийин, семинар суроо-жооптор менен аяктады.



Даярдаган: Мухаммед Рамазан Куртоглу
Которгон:Сайтбурхан кызы Гүлкайыр