Студенттик Кеңеш ЖОЖдор менен кызматташууда
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Студенттик Кеңеш Башкармачылыгы борбор калаабыздагы жогорку окуу жайлардын Студенттик Кеңештери менен кызматташууну улантууда.
Жаңы окуу жылындагы алгачкы кызматташуу БААУ (АУЦА) менен биргеликте “Улуттарды таанытуу” иш-чарасы уюштурулду.
Төрт күнгө созулган иш-чара аталган университетте 24-январдан тартып тамак-аш көргөзмөсү, видео көргөзмөсү өткөрүлүп, 27-январь күнү концерттик программа менен жыйынтыкталды. Ошондой эле ар улуттун улуттук баалуулуктары тартууланып, бийиктиги 3 метрге жеткен эң чоң ак калпак негизги баалуулук катары көрсөтүлдү.
Мындан тышкары иш-чаранын соңунда Студенттик Кеңештин мүчөлөрү менен жолугушуп, жаңы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Эске сала кетсек, 2016-жылы 12-январь улуу жазуучу Ч. Айтматовдун туулган күнүнө карата сегиз университет менен биргеликте “Айтматов ааламы” аталышындагы масштабдуу иш-чара өткөрүлгөн.
Даярдаган: Адинай Курманова