Студенттик Кеңеш ЖОЖдор менен кызматташууда


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Студенттик Кеңеш Башкармачылыгы борбор калаабыздагы жогорку окуу жайлардын Студенттик Кеңештери менен кызматташууну  улантууда.

Жаңы окуу жылындагы алгачкы кызматташуу  БААУ (АУЦА) менен биргеликте “Улуттарды таанытуу” иш-чарасы уюштурулду.

Төрт күнгө созулган иш-чара аталган университетте 24-январдан тартып тамак-аш көргөзмөсү, видео көргөзмөсү өткөрүлүп, 27-январь күнү концерттик программа менен жыйынтыкталды. Ошондой эле ар улуттун улуттук баалуулуктары тартууланып,  бийиктиги 3 метрге жеткен эң чоң ак калпак  негизги баалуулук катары көрсөтүлдү. 

Мындан тышкары иш-чаранын соңунда Студенттик Кеңештин мүчөлөрү менен жолугушуп, жаңы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Эске сала кетсек, 2016-жылы 12-январь улуу жазуучу  Ч. Айтматовдун туулган күнүнө карата сегиз университет менен биргеликте  “Айтматов ааламы” аталышындагы масштабдуу иш-чара өткөрүлгөн. 

 

Даярдаган: Адинай Курманова