Видео-ролик кароо-сынагында студенттерибиз 1-орунду алышты
Кыргыз Республикасындагы Европа биримдигинин өкүлчүлүгү (Euro Union) тарабынан уюштурулган кыска видео-ролик кароо-сынагында коммуникация жана экономика факультетинин студенттеринен куралган команда 1-орунду жеңип алды.
Кароо-сынакта катышуучулар “Демократия-бул” темасынын алкагында видео-ролик даярдашкан. Сынакта жалпы 70 тен ашык видео-ролик ат салышып, жеңүүчүлөр эки категория боюнча тандалып алынган. Биринчи категорияда 17 жашка чейинки окуучулар арасында жана экинчиси 17 жаштан жогорку чоңдор арасында каралган.
Коммуникация факультетинин 2-курсунун студенттери Саламат Шакиров, Азамат Кадыров жана экономика факультетинин 2-курсунун студенти Тимур Бапиев бир команда болуп демократия темасында видео даярдашкан. Жыйынтыгында Саламат Шакировдун баштаган командасы 1-орунга ээ болуп, “MacBook Air” ноутбугу жана белектер менен сыйланышты. Саламат Шакиров “Жеңүүчү болгонубузга командабыз менен ишене албай турдук. Кылган эмгегибиздин акыбети кайтканына сүйүнүп отурабыз”,- деп билдирди.
Даярдаган: Адинай Курманова