Самбо боюнча таймаш өткөрүлдү
14-декабрь күнү университетибиздин жабык спорт аянтчасында самбо боюнча биринчилик таймашы өткөрүлдү. Таймаш Студенттик Кеңеш жана Дене тарбия жана спорт жогорку мектеби тарабынан уюштурулган.
.jpeg)
13-декабрда бардык катышуучулар таразага түшүрүлүп, 14-декабрда эркектер:57,62,68,74,81,81+ салмакта, ал эми кыздар:52,60,65+ салмакта күч сынашты.
 (2).jpeg)
Ал эми катышуучулардын бири Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин 2-курсунун студенти Абдулазиз Эгамкулов “Таймаш кызуу жүрүп жатат, жалпы 150гө жакын студент өз факультетинин атынан катышып жатышат. Катышуучулардын атынан бардык уюштуруучуларга ыраазычылыгымды билдирип кетмекчимин”,- деди.
 (3).jpeg)
Кырчылдашкан кызуу атаандаштыктын жыйынтыгында жалпы 32 студенттен 1-2-3-орундун ээлери аныкталып, жеңүүчүлөр медаль жана дипломдор менен сыйланышты.
 (4).jpeg)
Белгилей кетсек, бул таймаш экинчи ирет уюштурулду.
Даярдаган: Мелис кызы Луиза

